Биз менен байланышыңыз

Бизнес кылыш керек эле…Кытайда ишкердик кылган Токтобек Акматов менен маек

Блог , Коом , Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 2625 | 0

Көл — тамчыдан куралат. Бизнес баштоодо көңүл бура турган жагдайлар.

Токтобек Акматов Кыргызстанда кытай тарыхы жана маданияты боюнча мугалим болуп иштеп жүрүп, бизнес кылууга өткөн. Учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода жана логистика тармагында ийгиликтүү иштерди жасап жатат.

Ал «Маралдын» суроолоруна жооп берип жатып, адам баласы топуктуу болушу керектигин, чоң ийгиликке жетүү аздан башталарын айтып берди. Ошондой эле жаштарды саясаттан алыс болуп, күнүмдүк жашоодо керектүү болгон кесиптерди өздөштүрүүгө чакырат.

— Кытайлар менен ишкерлик кылган бизнесмен эмнелерге көңүл бурушу керек? Кесипкөйлүктөн тышкары кандай сапаттарга ээ болушу керек? 

Чай ичүү церемониясы

— Албетте, бардык эле жерде керек болгон адамгерчилик сапат зарыл. Кытай ишкерлери убадага бек турууну талап кылышат. Андан тышкары маданиятына байланыштуу анча-мынча айырмалана турган учурлары бар, бирок аны билбей калсаң, түшүнүү менен эле кабыл алышат. Мисалы, ишкерчилик багытында сүйлөшүүлөргө барганда, таанышып, ал-жайыңды сурашкандан кийин чай ичүү церемониясын кылышат. Алар буга маани беришет. Ошондон кийин гана ишке өтүшөт. Мен Европадан барган кардарларды коштоп жүргөндө алар барып эле «бул канча болот? мен мындай максат менен келдим» деп дароо иш жөнүндө сүйлөй башташат. Муну кытайлар таң калуу менен кабыл алышат.

Жаштар демократияны анархия катары түшүнүп алышты

— Маданияты тууралуу айтып калдыңыз. Бишкектеги абалга салыштырмалуу Кытайдын чоң шаарларында жүрүм-турум маданияты кандай? 

— Мен дайыма салыштырып жүрөм, азыр айткандарым анча-мынча адамдарга жакпастыр, бирок биз өзүн алып жүрүү, маданият жагынан бир топ артта калганбыз. Көпчүлүк жаштар демократияны анархиядай түшүнүп алышты. «Баары боло берет, сен кимсиң, мен каалаган жериме таштанды ыргытам, каалаган жерге түкүрөм» дегендер жок эмес. Бул бизде социалдык багытта иш жүргүзүлбөгөнүнөн кабар берет.

Мамлекет жаштардын жүрүм-турумун оңдоого каражат да, көңүл да бөлөт

— Албетте, Кытайда деле билими, маданий деңгээли жакшы эмес адамдар бар, буга чейин көп болгон. Бирок алар ошонун үстүнөн иштеп, мамлекети өнүккөн сайын адамдарынын деңгээли да өсүп баратат. Кытайдын жаңы мууну билимдүү болуп чоңоюп жатат.

Бул өлкөдө тарбияны оңдоо максатында мамлекеттик деңгээлде кампаниялар жасалат. Мисалы, метрого түшсөң да, коомдук транспортто кетип баратсаң да, жөө баратсаң да социалдык негиздеги жарнамаларды көп көрөсүң. Мисалы, «түкүрбө», «таштанды ыргытпа», «коомдук транспортко киргенде катуу сүйлөбө», «улгайган адамдарга орун бошотуп бер» деген жарнактар бардык жерде бар. Бизде мындайды мен көргөн жомун. Балким ага каражат жоктур. Кытайда ушул иш катуу жүрөт жана анын натыйжасын көрүп жатышат.

— Кыргызстандын эли саясатташып кеткенибиз жашыруун эмес. Кытай эли саясатка кызыгабы?

Колу бош адам саясатты талкуулайт

Эки элдин ортосундагы эң чоң айырма — ушунда. Менин байкоом боюнча, адам канчалык колу бош болуп, кыларга иши жок болсо, ошончолук саясатты көп сүйлөйт. Мисалы, мен өзүм туулуп-өскөн айылыма барсам, баары саясат жөнүндө сүйлөшөт. Болгондо биздин чоңдордун жанында жүргөндөй талкуулашат. Ага караганда борбордо жашап, ошол чөйрөдө жүргөндөр деле бийлик тууралуу биле беришпейт.

Ошондуктан саясатташууга жумушсуздук да түрткү болот окшойт. Жумушу бар адам митингге деле барбайт да. Албетте, мамлекет үчүн, коом үчүн туура эмес иштер жасалса аны айтуу керек, бирок бизде ашыкча болуп кетти. Эл аралык имиджибизге терс таасирин тийгизип жатат. Инвестициялык климат запкысын тартып жатат.

Кытайда саясатты сүйлөшүшпөйт деле. Эгер болсо эл аралык маселелерди талкуулашат. Мисалы, Американын Орусия менен мамилеси, кошумча салыктар тууралуу сүйлөшүшү мүмкүн. Алардын ЖМКларына ачык чыккан нерселерди гана. Анын үстүнө алар саясатты талкуулагандан пайда чыкпай турганын түшүнүшөт деп ойлойм.

Бизнес башташ керек эле…

— Жаштар арасында кайсы бир бизнести башташы керек болуп, эмнеден баштай турганын билбегендер аз эмес. Бир ишти баштап кетүү үчүн эмне керек? 

— Менин байкаганым боюнча, бизде аз нерсеге топуктуу болуу, аз нерсени көбөйтүү, ыраазы болуу деген жок. Баары эле Билл Гейтс болгусу келет, же бир чоң ишкер болуп кеткиси келет. Аздан баштаганды көбү каалабайт. Ошонун айынан эч нерсе баштабайт.

Бүгүнкү күндө жогорку билим менен канча адам ишсиз жүрөт. Албетте, жогорку билим алуу керектүү. Ошого катар эле бир кесипти үйрөнүп алса ашыкча болбойт. Окуп баштаганда эле «мен министр болом же юрист болом» дебей, электрик, сантехник, сварщик жана башка кеспитерди кошумча үйрөнүп алышы керек.

Биздин мамлекет убагында кесиптерди жөнгө салбаптыр. Негизи бардык эле өлкөлөрдө дипломат, юрист, экономист деген кесиптерди тандашат. Биздин университеттер адистиктердин контрагына карап, студенттерди тандай беришет. Бирок кийин ал кесип менен иш таап кетеби, аны ойлонбой калышкан. Кээ бир өлкөлөрдө мындай тажрыйба колдонулат, өтө популярдуу болуп жаткан кесиптердин контрагы жогору, ал эми эл тапшырбаган, керектүү орто кесиптерге окуу бекер экен. Ушундай жол менен чечишкен.

— Маегиңизге рахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM