Биз менен байланышыңыз

«Мамлекетте майрам көп, бирок чек арачылар болбосо бир да майрам жок»

Блог | 28 мая 2021 | 1205 | 0

Урматтуу мекендештер жана мекен сакчылары, жалпыңыздарды 28-май чек арачылар күнү менен куттуктайм! Чегибизде тынчтык болсо гана жашообуз бейпилдикте болору анык. Кадырлуу мекенибиздин алдыңкы азаматтары, ар дайым жүрөгүңүздөрдө Кыргызстан жашап, ал эми Кыргызстандын ичинде жакындарыңыздар бейсанаа жашасын. Мамлекеттин ичинде майрам көп, бирок, чек арачылар болбосо бир да майрам жок. Андыктан силердин майрам — биздин майрам. Бар болгула, каарман жоокерлер!

«Козу эмнеге туулуптур? Бата үчүн туруптур. Жигит неге туулуптур? Мекен үчүн туулуптур» деп айтылган таасын кептин маанисин ар бирибиз түшүнсөк кана? Ар бир уул төрөлгөндө эле атасы «эркек балалуу болдум» деп сүйүнөт. Сүйүнүчүнүн башкы себеби, мекенди коргоп, энесин, эжесин, карындашын жана алар сыяктуу эле башка аялзатын аздектешин максат кылса керек. Чын эле эгер мекенин жана жакындарын коргоонун камын ойлобогон эр аттуудан эмне пайда? Биздин мамлекетте көзүбүз көрүп, купулубузга толгон эр жигиттер арбын. Ошону менен катар көзүбүзгө көрүнбөй, көзүбүздү тоюнткан жигиттер, кыздар да бир топ. Алар тууралуу сөз өзүнчө болсун…

Азыр айтайын дегеним, көзүбүздүн алдында, мекенибиздин чегинде кызмат кылып, эл тынчтыгын ойлогон накта жигиттер тууралуу. Пайгамбарыбыз айткан кечирилгис күнөөлөрдүн бири: өз мекенин коргоодон качуу. Ушул сөздүн маанисин сезген ар бир жаран мекен сакчысына айланат. Мекен сакчылары кызмат учурунда кандайдыр бир кырсыкка учурап, жан берсе, шейиттик даражага көтөрүлүп, ага тозок оту арам болорун да динибизде баяндайт. Жакында эле биздин чек арада болгон урушта үч мекен сакчыбыз, кырааныбыз шейит кетти. Аларды Алла Таала өз ырайымына алсын. Арасында биздин Эсентур аттуу жердешибиздин эрдиги менен тагдыры, ыйманы жүрөк козгоду. Ал бала күнүнөн эле аскер адамы болуп, Ата журтту коргоону максат кылып, максатына жетүү үчүн борбор калаабыздагы Суворов атындагы аскерлерди даярдоо окуу жайына тапшырып, андан ары билимин Россиядан улантканы эле анын кандай азамат жигит экенинен кабар берет. «Мекенге кызмат кылуу ыймандан» демекчи Эсентур инибиз орозосун кармап, исламдын беш негизги парзынын бирин аткаруу учурунда шейит этилиптир. Ыйманы саламат болсун! Ар кимге өлүм ак. Эртели-кеч кимибиз болбойлу, акка моюн сунабыз. Бизге да Жараткан шейиттик даражага жеткирген өлүм белек кылсын. Эсентурдай жигиттерибиздин жолун улоочулардын барында МЕКЕНИБИЗ ЭСЕН ТУРАТ!

БАР БОЛГУЛА МЕКЕН САКЧЫЛАРЫ!

Автор: коомдук ишмер, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев

Чек арада окко учкан Эсентур. Күзүндө үйлөнөм деп жүргөн…

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM