Биз менен байланышыңыз

Чек арада окко учкан Эсентур. Күзүндө үйлөнөм деп жүргөн…

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1576 | 0

Баткендеги чек ара чырында окко учкан аскер кызматкеринин аты-жөнү такталды. Тактап айтканда, шейит кеткен жарандардын бири Кубанычбек уулу Эсентур 30 жашта болчу. Бул тууралуу анын жакындары «Маралга» кабарлады.

Жакындарынын айтымында, Кубанычбек уулу Эсентур Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Ал аскердик билимди Бишкектеги Суворов окуу жайында алып, андан ары Орусияда уланткан. Кыргызстанда чек ара жаатында кызмат өтөп, акыркы жылдары Нарын облусундагы чек ара бекеттериндеги атайын кызматкерлердин жетекчисинин орун басары болчу. Алар 10 күн мурун мобилизацияланып, Баткендеги Ворух анклавы тараптагы чек ара бекетине которулган. Жакындары билдиргендей, Эсентур командирлик кылган чек ара бекетине тажиктер тарабынан биринчи кол салуу болуп, окко учкан.

Эсентур үч бир туугандын ортончусу болуп, атасы жаш кезинде каза болуп калган. Учурда бойдок болчу, жакындарынын айтымында быйыл күзүндө үйлөнүүнү пландап жүргөн.

Архивдик маалымат: «Головнойду» Кыргыз ССРи курган

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM