Connect with us

Түгөлбай Казаков: Шоу-бизнесте жүргөндөр — маданият кызматкерлери эмес

Агай быйыл 70 жашка толду. Бул курак — акылы курчуп, турмуштук тажрыйбасы артып, кийинки муундарга калтырар өрнөгү арбып турган курак. Албетте, эгер адам ошондой өтөлгөлүү, өрнөктүү өмүр сүрүп, нускалуу жашай алса. А агайдын артындагыларга берер арбын ибарат-сабагы бар. Анан да мындай залкар инсандарды өз учурунда баалап-барктап, алардын өнөр табылгасын, акыл казынасын өз учурунда сактап кала алсак, кийинки муундар үчүн эң сонун белек болот эле. Агайдын көөдөнүндө жүргөн көп ойлорун алып калууга бир сааттык түз эфир жетпей калды. Антсе да, азганакай убакытта айттырып калууга үлгүргөн түйшүк үйүп түнөрткөн да, байманасы ташыган байсалдуу да басып өткөн жолундагы көз ирмемдерин, акыл баштыгындагы баалуу кептерин алдыңыздарга сунуп отурабыз. Эмесе, даңазасы муундан муунга мурас болуп айтылар өнөр ээси, заманыбыздын залкары, Кыргыз Республикасынын эл артисти, атактуу композитор Түгөлбай Казаковдун «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасына берген маегин окурман журтуна да сунуштайбыз.

Кичинекей, кыялкеч Түгөлбай…

Ал кичинекей, абдан кыялкеч, ишенчээк болчу. Бир жолу суунун берки өйүзүндө турсам, тээ аркы өйүзүнөн бирөө кол булгалады. Анан мени чакырып жаткан экен деп, төмөн жактагы көпүрөдөн өтүп бардым. Барсам, эч ким жок. Кайра караңгыда үйгө темселеп келдим. Ошондо ким чакырганын деле билбейм. Аябай ишенчээк болчумун. Дагы бир кызык учурлар: жомок менен чоңойдум, көп окудум, көп уктум. Биздин үйдөн апам да, эки агам да адабиятка жакын болчу. Алар мыкты каада-салттарды көкүрөгүнө терең сиңирген адамдар эле. Мага: «Материалдык мүдөө эч качан руханий мүдөөнүн үстүнө чыкпашы керек. Руханий мүдөө, эң башкысы, көкүрөгүң бай болушу керек», — деген тарбиясын беришкен. Беш жарым жашымда тамга таанып баштадым. Алты жашымда миллионго чейин санап, жаза алчумун. Ошол кезде айылыбызга жападан жалгыз «Кыргызстан пионери» деген гезит келет эле. Ал кезде радио, телевизор жок, оорукана, мектеби да жок бир кичинекей айыл болчубуз. Анан ошол гезитти кемпир-чалдар отуруп алып, мага окутушат. Мен эң башындагы «Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары бириккиле!» дегенден баштап, төртүнчү бетиндеги телефон номерлерине чейин калтырбай окучумун. Бирин түшүнсөм, кээ бирине акылым жетчү эмес. Азыр ойлосом, кемпир-чалдар үчүн көп маанилүү деле нерселер жок экен. Бирок алар эч жактан маалымат ала албайт да. Анан ушул айтылган, жазылган материалдарды жаңылык катары угушса керек деп ойлойм. 1957-жылы, алты жашта элем, «Манастын» үчилтиги чыкты. Ушул кемпир-чалдар өздөрү угабыз деп олтуруп, мага үч китептин баарын окутту. Айланайын, тим эле жайы-кышы менен окудум. Көчөгө ойноп кетсем деле чакыртып келишет. Илгери жакшы кишилер чогулса, чогуу тамак ичип, сүйлөшүп, элдин маанайы жакшы болчу. Колунда кичинекей эле нерсеси болсо да, кошуналары, туугандары менен бөлүп жешчү. Пейил жакшы кез эле. Мен чынын айтканда, тилим оозума батпай калганча китеп окуп берчүмүн. Окуп олтуруп, шыр окуганга жетишип калдым.

Мектептин эң алдыңкы окуучусу болгом

Мектепке киргенде «отличник» болдум. Дароо 2-класска которушту. Ал кезде кызык болчу. Бир класста эки катар парта болуп, бирөөндө 2-класс, жанында 4-класс окучу. Бир мугалим ар бир класска өз-өзүнчө сабак берет. Айылыбыз мектептен алыс эле. Мен 2-класстан 3-класска эле өтүп кетсем болмок экен. Себеби, 1-класс менен 3-класс эртең менен окуйт экен, 2-класс менен 4-класс түштөн кийин окуйт экен. Анан менин айылдагы теңтуш балдарымдын баары мектептен тарап баратканда, мен жалгыз мектепти көздөй жөнөйм, караңгыда үйгө жалгыз барам. Тигил балдар менен чогуу келип, чогуу кетүү үчүн кайра 1-класска качып кеткем. Үйдөгүлөр деле кыйнабай эле коелу, балдар менен барып-келип жүрсүн деген окшойт. Бизди окуткан Дилде таежебиз бар эле. Ошо гана чыйпылдап: «Ай, бир аз кыйналасың көп болсо, жалгыз эч нерсе болбойт. Мен 3-класска котором, сен мектепти үч жыл мурун бүтөсүң», — деп жүрдү. Бирок, болбой эле көгөрүп туруп алгам.

Таштарга концерт койгон Түгөлбай…

Бир күнү жайлоодон «жылкычы келиптир, комуз чертет экен, жүргүлө угабыз» деген кеп тарап калды. Илгери Атай Огомбаев түзгөн комузчулардын ансамбли болгон. Аны 1939-жылы Москвада өткөн декадага да алып барган. Ошол ансамблде Бейшеналы Кулболдиев деген Атайдын шакирти да болуп, кийин ошол ансамблди алып калып, 1958-жылы Москвадагы II декадада жетектеген. Жанагы жылкычы ошол Кулболдиевдин окуучусу экен. Комузду ушундай так чертет экен, талантын көрүп, оозумду ачып эле таң калып калдым. Ошондон баштап комузга аябай ашык болдум. Черткенге комузум жок, бир чыбыкты алып черте берем, оозум менен келтирем кыңылдап.

Өзүмдүн эсимде жок. Апамдын сиңдиси айтат: «Ушу кичинекейиңде бир күнү эле чыңкылдап, бирөөнүн үнү чыгып жатат, анан бул ким деп акырын келип карасак, баягы коргондун ичине таштардын баарын тизип алып, бери жагына бир чоң ташты коюп алып, өзүң чыгып кулактандырып, «аткаруучу Түгөлбай Токтогулов» деп, кайра өзүң таштарга концерт коюп жатыптырсың», — дейт. Анан апам айтыптыр: «Ага көрүнбөгүлө, силерди көрүп калса, ыза болуп, ыйлап жиберет», — дептир.  Мен ушу суунун боюна да барып алып, ырдай берчү экем. А кишиге таптакыр көрүнчү эмесмин.

Күн сайын 26 чакырымды басып өтчүмүн

Спортко да абдан жакын болдум: жеңил атлетикада, күрөштө, футболдо жүрдүм. Гимнастиканын да айрым түрлөрүн көрдүм. Анан 5-класстан баштап, төрт-беш жыл шайтан араба менен 13 км жерге барып-келип окуп жүрдүм. «Ошондо велоспортко барсам болмок экен» деп коём. Буттарым даяр болчу. Анткени күнүнө 26 чакырым аралыкты шайтан араба менен басып өтчүмүн. Кийин Политехникалык институтка киргенде, буту-колумду көрүшүп, «штангист болосуң» деп, оор атлетикага алып кетти. Ошону менен велоспортко барбай калдым. Күрөшкө барайын деген кыялым да бар болчу.

Мен көргөн адамдардын пейили

Жайлоодо жүргөндө, жайлоого чыккан элдин маанайы мага аябай жакчу. Азыр элдин баарынын кабагы салыңкы. Көчөдөн жаштар эле бири-бирине бир нерсе айтып күлдүрбөсө, чоң кишилерди карасаң, баары түйшүк менен бараткан болот. А жайлоодо мен көргөн кишилердин маанайы аябай жакшы болчу. Бири-бирин тамашалап, күлүп учурашып, сүйлөшкөндө да күлүп-жайнап, анан күнүгө эле бири-бирин конокко чакырышып, кечинде тамак ичип, ушундай берекелүү, абдан жакшы бир учур болгон экен. Жылкычылар алыстан ышкырып, «келгиле,кымыз ичкиле» деп чакырып алышчу. Себеби, жылкысы көп, кымыз көп, аны күнүгө бир машине жакада иштегендерге фляга-фляга кылып алып кетет. Андан да бир далайы артып калат. Эми берекени карабайсыңарбы, «бекер ичкиле» деп кыйнайт. Мына, мен көргөн кишилердин пейили.

Талант таятамдан өткөн

Менин эки агам тең таланттуу болчу. Улуусу төкмө акын болот беле. Себеби, мен бир-эки сап ыр айтып койсом, уйкаштырып, он беш, он алты сапка чейин улап кетчү. Мунун баары таятам тараптан келсе керек деп ойлойм. Анткени а киши казал жазган, домбураны аябай черткен. Анын ушундай таланты бар экенин а кишини көрүп калган бир казактан уктум. Таятамдын Казакстанда бир досу бар экен, ошол досу Суусамырга баратканда, анын үйүнө токтоп, ошол жерде бир-эки күн өргүп, домбурасын, казалын угуп, сагынычын таратып, жолун улачу экен. Ошол казак досунун 12-13 жашар баласы болгон экен. Кийин баласына жолугуп калышым да өзүнчө бир укмуш.

Мен Таластан келатканда Меркеге дайыма токтойт элем. Анан кимдир бирөөнү күтүп жаткандай, бирөөгө жолуга турчудай болуп эле жүрдүм. Он жыл бою ушундай сезимдер болуп турду. Бир күнү жаман машинемди айдап алып, жылайын десем эле, бир жупуну кийинген киши: «Анау Таразга дейин ала кетсең кайтеди?» — деп калды. «Тараз каякта?» — десем, «Анау сендер Жамбыл дейсиңдер гой»- деди. Анда биз Жамбыл дечүбүз, бу киши эски атын айтып жаткан экен. Макул болуп, машинеме олтуругузуп алдым. Жанымда ушундай кайкалап отурат, сүйлөбөйт. Жупуну кийингени менен көкүрөгү асманда баратат. Бир топтон кийин «Каерденсиң?» — деп калды. «Таластын башындагы Көпүрө-Базар деген айыл бар, ошол жерден болом», — дедим. «Аа, дурус. Кай уруудансың, кимдин тукумусуң?» — деди. Мени тим эле байкушту сурагандай сурап атат. Мен атам тарапты айттым. Анан таятам тарапты айтсам эле, «Токтот, машинеңди!» — деди. Эшикке чыгып эле таятамдын атын айтып: «Сен сонын немересисиңби?» — дейт. «Ооба, небересимин», — десем, мени кучактап алып, байкуштун көзүнөн жашы айланып кетти. «Ошо кишинин тукумун да көрөр күн бар экен го!» — деди. Анан ошол киши: «Менин атам малдуу-жандуу киши болчу. Суусамырга баратканда кайрылып, бизге ырларын окуп бергенде, биз жаттап алып,биякка келип, казактарга айтып, таратчубуз», — деп айтып берди. Мындай бир куплети бар экен таятамдын:

«Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен,

Балбанды жыга албайсың чалган менен.

«Аттиң ай, бир жыкпастан жыгылдым!» — деп,

Өмүрүн өтүп кетет арман менен», — деген.

Аны угуп, кийин эл ичине айтып жүрүп, казактарга тарап кетиптир. «Казактар ушу күнгө чейин бул кимдин ыры экени билишпейт», — деди.

Кийин кулак болуп, айдалып бараткан кезде жазган бир куплет ыры да бар экен:

«Бир кезеги келгенде,

Казы-карта, жал жедим.

Бир кезеги келгенде,

Жата калып кар жедим», — деген.

Кийин байкем кезинде ошол кишинин малын багып жүргөн бир кишиден ырын жаздырып алган экен. Анан ошондо көрдүм, бул чоң акын экен. Уйкаштыктары, аллитерациясы, тиги-бусунун баары эле кадимки төкмөлөрдүкүндөй салмактуу.

Казалдарын арап арибинде жазып, дептерлерге толтуруп, анан уукка кыстарып койчу экен. Кийин Совет өкмөтү буларды кулакка тартат. Эки солдат келет, «айдап кетебиз» деп. «Мейлиңер, айдасаңар айдагыла», — дейт. Бир маалда экөө дептерлерди көрүп калып, «Бул эмне?» — дейт. «Бул казалдарым», — дейт таятам. «Совет өкмөтүнө каршы жазылган да, ээ?» — дешет. Жини келип тура калып, арасынан бирөөнү сууруп: «Ме, окубайсыңарбы!» — деп сунат. Арапча тамга тааныбаган тигилер окуй албайт. Кайра алып, өзү өмүр-өлүм жөнүндө казалын окуп берет. Тигилер унчукпайт. Таятам түшүнбөй калышканын билип, кара сөз менен чечмелейт. Ошондо тигилер: «Ушунун баарын жыйнап алып кетебиз. Тиякка алып, окутуп көрөбүз», — дегенде, таятам карап отуруп, таенеме: «Тамак ас, бул балдар мени айдап барганча курсагы ачат», — деп буйруйт. От жагылганда дептерлерди бир барактан отко таштап отуруп, баарын өрттөптүр таятам. «Ушунун баары бир билимдүү урпагыма жетсе болбойт беле!» — деп өксүгөн экен ошондо.

Өрттөгөнүнүн себеби: «Булар алып барып, акыры баары бир жок кылат», — деп ойлоптур. Чындап эле жок кылмак экен. Ошолордун ичинен аман-эсен сакталып калган ырында орустардын кылганын катуу айтыптыр:

«Кыл жок жерден кыл издейт,

Кул жок жерден кул издейт.

Керилген биздин айылдан,

Кедей таппай кайгырды.

Кедей деген Сейдалы,

Үч жүз койдон айрылды», — деп.

Ал тегеректе баары эле малдуу-жандуу болуптур. Эң эле кедей-кембагал дегени Сейдалынын үч жүз кою бар экен.

Апам ошондо чоңоюп калган кыз экен. Ушуларды бизге айтып берди эле.

Негизинен, биздин поэзияга болгон шыгыбыз, менин музыкага болгон жөндөмүм таятамдан өткөн деп ойлойм. Атам да анда-мында комуз чертип калчу экен. Бирок эл астына көп чыкпаса керек. Апам да ырды аябай так ырдачу. Обондорду биринчи мага үйрөткөн апам болду.

1960-жылдарда радио келди, свет келди. 1966-жылы телевизор келди. Биз өнөр адамдарын көрө баштадык. Ал кез биз үчүн шумдук дүйнө болду да. Эки тоонун ортосундагы эч нерседен кабары жок эл үчүн бул эми цивилизациянын бир укмуш эле нерсеси болчу да.

Себеби мен мына биринчи келген картөшкөнү көрдүм; биринчи келген «полуторка» деген машинаны көрдүм; «ДТ-75», «ДТ-54» деген биринчи тракторду көрдүм; электр жарыгын, радиону, телевизорду көрдүм; ушунун баары кийин, мен бала кезде келди. Булар жок кезде биз үч бир тууган чырактын үч жагында жатып алып, сабак даярдачубуз.

Ар бир обонумдун сыйкырдуу тарыхы бар

Мектепте окуп жүргөн кезде биз эки күндүн биринде эле Атай, Муса, Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев, Калыйбек Тагаев өңдүү укмуш ырчылардын ырын укчубуз. Бир күнү обон чыгаргым келди. Ал кезде 8-класста окучумун. Кайсыл обондордон таасир алганым эсимде жок, обон чалыш бир нерсе чыгардым. Ага сөз издеп, «Ала-Тоо» журналын карасам, Байдылда Сарногоевдин «Колхоз кызы Жаңылга» деген бир ыры чыгыптыр. Ошол ыр саптарына жаңы обонумду салып, эл алдында ырдап чыгам деп, «дардактап» баштадым. Биздин айылдын балдарынын баары тапан, тентек да. «Түгөлбай, Жаңыл деген бир кызга обон чыгарыптыр, ал кайсы Жаңыл болду экен?» — деп эле баары издеп башташты. Жаңыл деген кыз мектеп боюнча жок экен. Тээ айылдын аягында 6-7 балалуу Жаңыл деген 50дөн ашкан жесир аял бар экен. «Ошол аялга арнап чыгарыптыр», — деп, балдардын арасынан уу-дуу кеп болуп, мени чычалата башташты: «Жаңыл апаң кандай жүрөт? Жаңыл апаң жөнүндө качан ырдайсың?», — дешип.

Ошондон ыза болуп, ал ырды ырдабай калдым. Ырдабай калганым жакшы болуптур. Азыр ойлосом, обон деле эмес экен. Ошого окшогон алгачкы аракет сыяктуу бирдемелер боло берет окшойт.

Кийин искусство институтуна кирип, кичине билим алып, обондор эмне экенин түшүнгөндөн кийин тыянак чыгардым: биринчи, өзүңө чейинки элди дүңгүрөтүп жаткан обончулардан башкачараак болушуң керек; экинчиси, булар айтпаган теманы айтуу керек; үчүнчүсү, бирөөнү туурабоо керек. Ушуга окшогон талаптардын баарын өзүмө коюп алып, бир жыл жүрдүм. Бирок обон чыгаруу деле оюма келген жок. «Адегенде билим алайынчы», — дедим себеби.

Алаев деген баяндан сабак берген агайым бар эле. А киши пьесаларды, чыгармаларды берет. Анан мен кооздоп бир жерлерин кошуп жиберем. «Ушунда бир нерсе бар окшойт», — деп ойлоду окшойт, бир күнү: «Сен бир кичинекей пьеса жазып келбейсиңби баянга. Өзүң жакшы көргөн теманы ал», — деди. Менин жакшы көргөн темам — жайлоо да. Фантазиям ушундай болду: бир киши жайлоого баратат ат менен кыдыңдап; ашууга келгенде боройлоп кар жаады, кыйналды байкуш киши; тиги эптеп-септеп отуруп ашуудан ашып кетти. Айтор, ушул сыяктуу жазып бардым. Агайга ойноп берсем, а киши: «Сен пьеса жазбай эле, обон жазып алыптырсың. Мына бул сайда кудуңдап келаткан жеринен куплет чыгар, тээ ашууда кыйналып баратканынан кайырма чыгарсаң, обон болот», — деди. Менин жанагы «Алтын балалык» деген обонум ошентип жаралган.

Ал обондун тагдыры да кызык. Бир жолу жатаканада эки баланын көзүнчө ырдадым. Бирөөсү айыл чарба институтунда окуган жигит болчу. Анын угуму жакшы экен. Дароо үйрөнүп алыптыр. «Сөзүн жазып бер», — деди, жазып бердим. Көрсө, өзү окуган окуу жайдагы «Алые паруса» деген ансамблде ырдап жүргөн экен. Ал жакка алып барып, ансамблге салыптыр. Нина Дараева деген дагы бир ырчысы бар экен, ал: «Мен ырдайм», — деп чыгыптыр. Александр Масляковдун «Алло, мы ищем таланты» деген долбоору бар болчу. Пермь шаарында финалга өтө тургандардын кароосу болуп, бизден «Алые паруса» да барыптыр.

Кечинде телевизор көрүп отурсак эле «Пермь шаарында «Биз таланттарды издейбиз» долбоорунун тандоо туру болду. Кыргызстандан «Алые паруса» ансамбли композитор Казаковдун «Золотое детство» деген ыры менен өттү», — деп айтып, ырдан үзүндү берди. Бул ыр эч жакка кабыл алына элек болчу, эч ким деле билбейт болчу. Бир-эки эле бала уккан болгону.

Жатаканага келсем уу-дуу. Биринчи обонум ошентип чү дегенде эле Москвадан, союздук деңгээлде ырдалып кетти.

Экинчи обонум — «Элегия». Бир жолу обондор үчүн телеконкурс болуп калды. Ушул ырым менен катышсам, баш байге беришти. Бир белгилүү эле обончунун ичи тарыганын көрдүм. Эптеп эле чыр чыгара албай жатат. Ошондо бул чөйрө жакшы эмес окшойт деп ойлодум. Кийин андай нерсе ар бир тармакта, ар бир чөйрөдө бар экенин билдим.

Андан кийин «Сүйүү жазы» обонун түшүмдө жаздым. Ресторанда ансамблдин жетекчиси болуп иштеп жүрдүм. Күн сайын кечинде ресторанда музыка коёбуз, ыр ырдайбыз. Бул ресторан мага академия болду. Себеби келген киши ар кайсы музыканы сурайт. Билбейм деп айтканга болбойт. Кандай болбосун таап, ойноп беришиң керек. Ошентип, бүт дүйнөнүн музыкасын билип, тажрыйбаңдан өткөрөсүң. Аны институттан окутпайт деле да.

Бир күнү түшүмдө ресторанга бирөө келип алып, «Ай, жаңы обонуңду чертип берчи», — деп жатат. Мен бир топко кайталап аткарып бердим. Ойгонуп кетсем, кулагымда ошол обон жаңырып жатыптыр. Түн ортосунда агамдын балдары кичинекей, ойготуп албайын деп, нота барагымды алып, эшикке чыгып, Айдын жарыгына салып олтуруп, жазып койгом. Эртең менен ойгонуп, ушуну жаздым эле, бирок эстеп көрөйүнчү деп такыр эстей албай койдум. Анан ошондо «И-ий, жазып койгонум жакшы болгон турбайбы», — деп ыраазы боло калдым өзүмө. Кийин таптакыр түшүмдө обон аян берген жок. Же мен бузулуп кеттимби, же көкүрөгүм кирдеп кеттиби, билбейм айтор.

Дүйнөнү массалык маалымат каптады

Бүткүл дүйнөдө көп жылдан бери «массалык маданиятты бүт дүйнөгө таратуу» деген чоң процесс жүрүп жатат. Биздин азыркы жеңил-желпи ырлар, эстраданын адамдын кулагына кирбей турган халтуралары — ошонун таасири. Ачыктап айтканда, ар бир жанрдын халтурасы бар. Маселе эстарадада эмес. Ошол нерсенин баары тең массалык маданиятка кирет да. 1946-жылы «Советтер Союзун кантип кыйратабыз?» деген доктрина кабыл алынган. Ошонун ичинде «Биз алардын руханий дөөлөттөрүн жасалма дөөлөттөргө алмаштырабыз» деген бир пункту бар. Башкача айтканда, 1920-1930-жылдары башталып, 1950-1960-жылдары асманга чыккан кыргыз обондору биздин руханий дөөлөтүбүз болсо, азыр ошону жасалма дөөлөткө алмаштырабыз деген пункт иштеп жатат.

Америка биздин салттуу маданияттын өкүлдөрүн чакырганын көрдүңөр беле? Эч качан чакырбайт. Алар болгону эстраданын өкүлдөрүн гана чакырат. Себеби, алар — массалык маданияттын өкүлдөрү. Бул – бир жагы. Экинчи жагы – Европада ушул массалык маданияттын азабынан өздөрүнүн маданиятын жок кылып алды. Кийин ЮНЕСКО 1996-жылдары фольклор дегендин ордуна салттуу маданият деген түшүнүктү киргизүүгө чечим кабыл алды. Биз ушул күнгө чейин эле фольклор деп дөөдүрөп жүрбөйбүзбү, фольклор деген сөз унутта калган. Анткени, фольклор деген — оозеки чыгармачылык деген сөз. Азыр андай түшүнүк жок, баары жазылат, ошонун ичинде обон да жазылып калат. Ошол үчүн анын ордуна салттуу маданият дегенди киргизген. Аны эмнеге киргизди? Европа мамлекеттери кайра өзүнүн салттуу маданиятын калыбына келтиребиз деген ниетте киргизди. Биз го, аны толук жогото элекпиз. Азыр эсибизге келип калыптандырбасак, кийин кеч болуп калат.

Муну жоготуп алган элдер бар. Мисалы, мына Орусияны алалы. «Чоң өлкө, бардык жагынан өнүккөн» деп айтабыз. Бирок, Орусияда ырлардын кризиси болуп жатпайбы. Аларда азыр Игорь Крутойдон башка композитору жок. Булар массалык маданиятты абдан жакшы кабыл алып, ошого кирип кетишти.

Ошого удаа бүт дүйнөдөгү кризисти карасак болот. Европада атактуу композитор барбы азыр? Жок. Мына, интернет заманында биз билбейбиз композитор бар-жогун. А биз интернети жок кезде эле билчүбүз Моцарт, Бетховендердин бар экенин, туурабы? «Италия — ырдын мекени» деп айтылчу. Ошол Италиянын эң акыркы композитору Тото Кутуньо да 80 жашка жакындап калды. Бүт эле баары жеңил жанр менен кетип жатат азыр. Ушинтип жүрүп олтурса, дагы бир 20-30 жылдан кийин классикалык музыканы азыркы балдар укпайт. «Полонезди» койсоң укпайт. А бирок жанагы негрлердин ырларын угат. Башкача айтканда, интернет ааламы булардын көкүрөгүндөгү көркөм табитин ошондой багытта калыптандырды.

«Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дейт. Бул бизде 1990-жылдары эле башталган. Ошондо уккан ырлардын таасири менен жакшы ыр жазуу мүмкүн эмес болчу. Ошонун азабынан азыркы чыккан ырларды карап отурсаң, бүгүн бар, эртең жок.

Атын айтпай эле коеюн, бир жигиттен: «Сен обонду кандай чыгарасың?»- деп сураса, «Мен жумуштан колум бошогондо барам да, аранжировщикке: «компьютериңди ач», — дейм. Ал ачат, мен кыңылдап бир нерсени айтам, ошону жазып коёт. Ошол обон болот», — деп атат.

Мен таң калдым, булар менен биздин заманыбыз таптакыр эле асман менен жер болуп калыптыр да. Мен мисалы, бир обон менен бир жыл, бир жарым жыл жүргөн учурларым: кээде аягына чыкпай, акыркы сабын таппай калган обондорум болду. Ырдалбай калгандары да болду… А бул балдардыкы жеңил экен. «Мага сөздү берсе эле болду, мен опоңой эле чыгарып коём», — дейт. Анан ошол замат чыгарылган ыр кайра дароо жок болуп жатпайбы!? Бул биздеги эле жакырчылык эмес.

Азыр казактар азаматтык кылып жатат. Алар илгерки «Балкадиша» сыяктуу, «Тобылгы сай» сыяктуу ырларын Димаш Кудайбергендери баш болуп, бүт баары ырдап чыгып жатат. Илгерки ырларын алып чыгып, жандандырышууда. Буларды уккан кийинки муунунун көкүрөгүндө жакшы нерсе калыптанып атат.

Биз ушундай жолго түшсөк жакшы болор эле. Минтип кете берсек, биз бир эмес, эки муунду жок кылып баратабыз. Эгер үчүнчү муунду жоготсок, анда салттуу маданият жөнүндө сөз кылып деле болбой калат. Аны калыбына келтирүү үчүн көп нерсе керек. Ал үчүн тээ мектеп, бала бакчадан баштап, балдардын мээсине куюу керек. Анан интернет дегенди кичине чыпкалабасак болбой калды. Мына, Кытай эмнеге интернетти азайтып жатат? Себебин алар билип жатат. Интернетте атайын максатта киргизилген балдардын мээсин тегерете турган нерселер бар.

Шоу-бизнесте жүргөндөр — маданият кызматкерлери эмес

Шоу деген — өзүнчө дүйнө. Азыркы шоу дүйнөсү — мен айтып жаткан массалык маданиятын чордону. Массалык маданият камтыган адамдардын баарын чыгара турган жер — ошол. Мунун артында биринчи, акча, экинчи, атак-даңк турат. Атак-даңкты жасаш үчүн акча төлөө керек болот. Орусияда, Казакстанда деле ушунун баары бар. Ал жерде биринчи планга маданият маселелери, болбосо улуттун тагдыры коюлбайт. Шоу дүйнөсү деген – ал кимди болсо тебелеп кете берет, артында акча жасайт, убактылуу атак-даңкты, убактылуу бир белгилүүлүктү ыйгарып, анан ошону иштетип, лимондой кылып ширесин сыгып, кийин ыргытып жиберет. Шоу-бизнес деп аты айтылгандай эле ал жерде чоң бизнес бар. А бизнес бар жерде өзүңөр билесиңер, кызыкчылык бар. Кызыкчылык бар жерде ким башкарса, ошонун саясаты жүрө баштайт. Ал дүйнөдө «сенин ырың жакшы экен же жаман экен» дебейт. Ал жердеги талаптар таптакыр башка. Ошол үчүн аларды «маданият кызматкери» деп айтпайт элем.

Маданият кызматкерлери деп, маданиятты сактап калууга жанталашып чуркап жүргөн, айлыгына да карабай, жаман-жакшы көрүнүп, өзүнүн турмушу оор болуп, кыйналып жүрсө да, маданияттын бир тармагын жок кылып жибербей алып жүргөн азаматтарды айтуу керек. Шоу-бизнестегилер өздөрүнүн чөнтөгү үчүн, бүгүнкү атак-даңк, эртеңки акча үчүн иштеп жүрүшөт.

Элимден 2 нерсени гана суранам…

Бир кезде канын төгүп, жанын берип ата-бабабыз ушул бейиштей жерди калтырып кеткен экен. Ушул жерди товар, экономикалык объект катары эсептебей, ар бир кыргыз: «Кыргыздын жери — эртеңки балама, небереме өткөрүп бере турган ата-бабамдын аманаты», — деп түшүнсө, жакшы болор эле. Мен ушуга чакырат элем. Экинчиден, ар бир кыргыз: «Биз бир кездеги жоокер, тээ көк деңизден чет деңизге чейин дуулдап тура турган улуу кыргыздын урпактарыбызбы же улпактарыбызбы?» — деген суроого жооп издөө керек. Эгер урпагы экенибиз чын болсо, анда биз ата-бабабыздын арбагын ыраазы кылышыбыз керек.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM