Биз менен байланышыңыз

Путин: Кыргызстан менен мамиле бекемделип келе жатат

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 758 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда эки өлкөнүн мамилесинин ийгиликтүү өнүгүүсүн белгиледи. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

«Мамлекеттер аралык мамилелердеги кырдаал бекемделип, өнүгүп келе жатат деп айта алабыз», — деди Путин.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен соода жүгүртүүдө Орусия биринчи орунда турганын кошумчалады. Былтыр эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү төмөндөп кеткен, бирок орусиялык лидердин айтымында, 2021-жылдын биринчи чейрегинде ал көрсөткүч 6%га өскөн.

Мындан тышкары Путин Орусия кыргыз-тажик чек арасындагы чырга дыкаттык менен көз салып турганын, эки өлкө ортосундагы курч маселелерди чечүүдө колунан келген жардамын көрсөтөрүн баса белгиледи.

Путин Жапаров менен жолугушууда чек ара боюнча пикирин билдирди

Copyright © 2017 Maral FM