Биз менен байланышыңыз

Путин Жапаров менен жолугушууда чек ара боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 1055 | 0

Орусия кыргыз-тажик чек арасындагы чырга дыкаттык менен көз салып турду жана эки өлкө ортосундагы курч маселелерди чечүүдө колунан келген жардамын кылат. Мындай пикирин Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон бүгүнкү жолугушуусунда айтты.

Белгилүү болгондой, бүгүн 24-майда Орусиянын Сочи шаарында Кыргызстан менен Орусиянын президенттери жолугушуу өткөрүүдө. Анда чек ара темасы талкууланып, Владимир Путин кыргыз-тажик чек арасында орун алган соңку окуялар тууралуу пикирин билдирди.

«Биз өтө дыкаттык жана кабатырлануу менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көз салып турдук. Өзүңүз билгендей, жакында эле Тажикстандын президенти Москвага визит жасады. Биз аны менен да ушул маселени талкууладык. Эки тараптын тең бул маселени чечүүдө тынчтык жол менен сүйлөшүүнү тандаганын биз кубануу менен кабыл алдык» — деп айтты Владимир Путин.

Ошондой эле Путин, бул маселе так ушундай жол менен чечилиши керек деп эсептейт.  «Биз бул маселени чечүүдө сиздерге өзүбүздүн колубуздан келген жана бизден көз каранды болгон бардык нерселерди жасайбыз», — деп кошумчалап өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM