Биз менен байланышыңыз

Куралдуу жаңжалда документин жоготкон 17 жаран жаңы паспорт алды

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 467 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы чек ара чатагында документин жоготкон жарандардын арызын жеринде кабыл алып жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-майга карата паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жаран арыз жазган. Ошондой эле 17 жаранга ID-карт паспорт берилди.

Кырдаалга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен шаардык бөлүмү 8:00дөн 20:00гө чейин иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM