Биз менен байланышыңыз

Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 738 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык,  Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, түзүмдүк бөлүмдөрдү төмөнкү адамдар жетектейт:

— Султанбаев Эрбол Абдыкадырович – Президенттин басма сөз катчысы;

— Жаманбаев Муса Мураталиевич – Президенттин протокол кызматынын жетекчиси;

— Калматов Анарбек Баратович – Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү;

— Абытов Алмасбек Ахунжанович – Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү;

— Жусупов Медер Кеңешович – Президенттин жана Министрлер кабинетинин Конституциялык сотунун өкүлү;

— Марс Нурай – Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

— Иминов Махамаджан Саитович – Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

— Естебесов Адыл Жээнбекович – Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

— Базарбеков Замирбек Курамаевич – Президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

— Дюшекеев Дастан Станбекович – Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

— Айдарбеков Айбек Акматбекович – Президенттин администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

— Бакиров Жетиген Жокинович – Президенттин администрациясынын мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы;

— Орозалиев Акылбек Атабекович – Президенттин администрациясынын инспектордук-көзөмөл иштери бөлүмүнүн башчысы;

— Жалалов Жаныбек Махматалиевич – Президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

— Керимжанов Алтынбек Жамалбекович — Президенттин администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы;

— Мурзаканов Санжар Равшанбекович – Президенттин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

— Беков Аскат Турдумаматович – Президенттин администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы;

— Абдыкалыков Жанузак Козубаевич – Президенттин администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

— Кулуев Алымкул Раимкулович – Президенттин администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;

— Оморов Азамат Каныбекович – Президенттин администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;

— Узаков Азат Сапарбаевич – Президенттин администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

— Байтереков Таалай Алымбекович – Президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

— Усубалиев Максат Абдыкадырович – Президенттин администрациясынын саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;

— Байтерек Галина Жумабековна – Президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы;

— Базарбаев Кудайберген Базарбаевич – Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы;

— Абдрахманова Чолпон Садырбековна – Президенттин администрациясынын кеңсе башчысы;

— Абдысадыр уулу Азат – Президенттин администрациясынын кеңсесинин Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмүнүн башчысы;

— Рахматова Жанна Аскербековна – Президенттин администрациясынын кеңсесинин Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмүнүн башчысы;

Мындан тышкары Президенттин тескемелери менен:

— Шүкүрбеков Улугбек Абдималикович — Президенттин администрациясынын Жарандык комиссиянын жооптуу катчысы;

— Апенов Таалайбек Бекболотович — Президенттин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

— Сманбаева Жылдыз Аскарбековна — Президенттин администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбетов Алмаз Ишенбекович Президенттин иш башкаруучусу, Мамбеталиев Мирбек Кемелович Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары, Шерматов Эмил Абсатарович орун басары болуп дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM