Биз менен байланышыңыз

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу кыргыз-өзбек алакасын чыңдайт

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 576 | 0

Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева Ош облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Гүлмира Абдралиева Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махамов менен жолугушту. Андан соң министрлер Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Эки тарап жогоруда аталган аймактарда инфраструктураны өркүндөтүү, эки өлкөнүн жүк ташуучуларынын, айдоочуларынын толук жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн бардык шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле министрлер эки мамлекеттин органдарынын ыйгарым укуктарынын чегинде айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жана ар тараптуу өнүктүрүүнү улантууга макулдашты. Бул жолугушуу өлкөлөр аралык сооданын, экономиканын өнүгүүсүнө кызмат кылат, ошондой эле элдин катышын да арттырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM