Бүгүнкү күндө Бишкекте коронавируска каршы 15 миң 365 адам эмдөөдөн өткөнүн медициналык жардам жана электрондук саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифинг учурунда билдирди.
Алардан:
— 2104 — дарыгерлер
— 531 — мектеп мугалимдери
— 666 — мамлекеттик кызматкерлер
— 4655 — 65 жаштан жогору адамдар
— 247 — укук коргоо органдарынын кызматкерлери
— 7003 – ж. б. жарандар
15365 адамдын ичинен 1804 вакцинанын экинчи дозасын алышкан.
Эмдөө маселелери боюнча ишеним телефону: 31 32 97.