Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы кызматташтык маселелери сүйлөшүлдү

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 290 | 0

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова Нур-Султан шаарында Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Сойли Мякелайнен-Буханист менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери да талкууланды. Тактап айтканда, тараптар саясий кызматташтыкты өркүндөтүүнүн, министрликтер аралык консультацияларды өткөрүүнүн, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн да карашты. Кыргыз тарап Финляндиянын делегациясын 2021-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган ЕБ-БA экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Мындан тышкары кыргыз-фин бизнес-форумун уюштуруу, фин компанияларынын Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү, КР ВСП+ макамын эске алуу менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, «жашыл экономика» жаатында кызматташуунун келечеги айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM