Биз менен байланышыңыз

Роман Петров фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 421 | 0

Фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Украинадагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 16-майдан 20-майга чейин Харьков шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, спортчу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Харьков шаарына жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM