Биз менен байланышыңыз

Роман Петров Украинада Олимпиада оюндарына машыгышууда

Кыска кабар , Спорт | 2 Июл 2021 | 823 | 0

Фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында Роман Петров Украинанын Киев шаарында эл аралык окуу-машыгуу өткөрүп жатат.

Машыгуу 25-июнда башталган жана 12-июлга чейин уланат.

Белгилей кетсек, спортчу башкы машыктыруучусу Александр Черныхтын жетекчилиги алдында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM