Биз менен байланышыңыз

Дүйшөнбек Камчыбеков: «Центерра» да өз аброюн сактагысы келет

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2021 | 441 | 0

«Кумтөрдө» экологиялык көйгөй бар, бирок Кыргызстан аны Эл аралык арбитраждык сотто далилдеп бере алабы, маселе ошондо. Мындай пикирин Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөрдө» туура эмес иштерден улам 5 млрд кубга жакын тек жылып, устаканаларды, көмөк чордонду талкалап, лагерге чейин жеткен учур болгон. Анда компания 67 млн доллардай чыгымга учураган. Кийин 2 кыргыз жараны каза болуп, техника талкаланган окуя болгон.

«Биз экологиялык көйгөй бар экенин өз жерибизде өз чечимдерибиздин негизинде далилдесек болот. Бирок ишти Эл аралык арбитраждык сот караса, кандай чечим чыгарын айтуу кыйын. «Центерра» да өз аброюн сактагысы келет. Алар Кыргыз Өкмөтүнөн 8 жолу уруксат кагазын алганын айтып жатышпайбы. Сотто өз кызыкчылыгын коргогонго күчтүү компанияны жалдашат. Алардын негизинде Эл аралык арбитраждык сот кандай чечим чыгарат, ошону күтүү керек. Соттун чечими чыкмайынча, айтыш оор», — дейт Камчыбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM