Бишкектеги Жумабек көчөсүндө жайгашкан «Голд» мейманканасынан чыккан өрт түнкү саат 01.00гө жакын толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
16-майда кечинде Ленин районунун Жумабек көчөсү №215 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 6 атайын техника тартылды. Ошондой эле Штаб, ыкчам топ, Газ чарба кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 2 бригада, ИИМ кызматынан 20 кызматкер, 4 экипаж тартылган.
Тилсиз жоо кечки саат 22:41де чектөөгө алынган, анын кесепетинен жабыркагандар жок.