Биз менен байланышыңыз

Тигүү тармагынын өкүлдөрү катышкан кыргыз-кытай бизнес форуму өттү

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 166 | 0
Кыргыз-кытай бизнес форуму. Кытайдын Шаосинь шаары.

Кытайдын Чжэцзян провинциясынын Шаосинь шаарында текстиль өнөр жайынын өкүлдөрүн катышкан кыргыз-кытай бизнес форуму өттү. Аны Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги жана Шаосинь текстиль шаарынын Чет өлкөлүк рынокторду илгерилетүү ассоциациясы уюштурду.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага Кыргызстандын текстиль индустриясынын 70тен ашык өкүлү жана кытай компанияларынын 40ка жакын өкүлү катышты.

Кыргызстандын Кытайдагы  элчиси Актилек Мусаева Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги катализатору болуп саналарын жана Кытай жылдар бою Кыргызстан үчүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи.

Бизнес-форумдун алкагында Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы менен Шаосинь текстиль шаарынын Чет элдик рынокторун илгерилетүү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

7-майда кытай компанияларынын 700дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн В2В жолугушууларынын жүрүшүндө Кыргызстандын тигүү фабрикаларынын өкүлдөрү потенциалдуу өнөктөштөр менен түз байланыштарды түзүшүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эки күндүк бизнес-форумдун жыйынтыгы менен Кыргызстандын рыногун изилдөө максатында, Шаосинь шаарынын эксперттеринин үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстанга сапарын уюштуруу тууралуу макулдашылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM