Кытайдын Чжэцзян провинциясынын Шаосинь шаарында текстиль өнөр жайынын өкүлдөрүн катышкан кыргыз-кытай бизнес форуму өттү. Аны Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги жана Шаосинь текстиль шаарынын Чет өлкөлүк рынокторду илгерилетүү ассоциациясы уюштурду.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага Кыргызстандын текстиль индустриясынын 70тен ашык өкүлү жана кытай компанияларынын 40ка жакын өкүлү катышты.
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги катализатору болуп саналарын жана Кытай жылдар бою Кыргызстан үчүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи.
Бизнес-форумдун алкагында Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы менен Шаосинь текстиль шаарынын Чет элдик рынокторун илгерилетүү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
7-майда кытай компанияларынын 700дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн В2В жолугушууларынын жүрүшүндө Кыргызстандын тигүү фабрикаларынын өкүлдөрү потенциалдуу өнөктөштөр менен түз байланыштарды түзүшүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Эки күндүк бизнес-форумдун жыйынтыгы менен Кыргызстандын рыногун изилдөө максатында, Шаосинь шаарынын эксперттеринин үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстанга сапарын уюштуруу тууралуу макулдашылды.