Биз менен байланышыңыз

Бүгүн парламент «Kумтөр» маселесин талкуулайт

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 477 | 0

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, «Кумтөр» маселесин талкуулайт. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышып, «Кумтөр» боюнча пикирин билдирери буга чейин кабарланган.

12-майда «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия жыйын өткөрүп, анда Канаданын «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталганы айтылган.

Ошондой эле «Кумтөр Голд» компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан 11-майда чыгып кеткени белгилүү болгон.

Бишкектин райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасын келтирилген зыяндары үчүн 3 млрд доллар өлчөмүндө айыпка жыккан. Ага чейин Кыргызстанда «Кумтөр» алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды.

15-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү айтылды. Кеңседе УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн.

16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM