Биз менен байланышыңыз

Bloomberg: Кыргызстан «Центеррадагы» 19% акциясын сатыкка коёт

Кыска кабар | 15 мая 2021 | 1676 | 0

Кыргызстандын мамлекеттик компаниясы канадалык Centerra Gold Inc тоо-кен компаниясындагы акциясынын 19%ын сатуу ниетин ачыкка чыгарды. Бул тууралуу канадалык басылмалар жазып чыкты.

Буга чейин Centerra компаниясынын Торонто фонд биржасындагы акциясы 6,5 пайызга, тагыраагы 8,4 долларга чейин түшкөнү айтылган. Буга байланыштуу “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы 26 пайыздык акциясынын 19 пайызын сатууну чечти. Жалпы акциясы 77,4 млн доллар деп бааланса, анын 14,8 млн доллары сатыкка коюлат.

24.kg агенттиги Bloomberg басылмасына таянып, Centerrа Gold ишканасынын Кыргызстандагы “Кумтөр” кенине байланышкан жаңы кабыл алынган мыйзамга тынчсыздануусун жазып чыкты.

-Жаңы мыйзамга ылайык, “Кумтөр Голд Компани” айрым мыйзамдарды буза турган болсо, кыргыз өкмөтү кенди сырттан башкаруусуна өбөлгө түзүлөт,-деп айтылат.

Өткөн жумада Бишкектин райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасын келтирилген зыяндары үчүн 3 млрд доллар өлчөмүндө айыпка жыккан. Мындан тышкары 10 миллион долларлык кошумча айыптар да салынган.

“Канадалык инвесторлор бул аракетти компаниянын “Кумтөр” кенинен баш тарттыруу үчүн жасалган, атайын макулдашылган иш деп баалайт. Канадалык өнөктөштөр кыргыз бийлиги менен кызматташуу үчүн жана өзүнүн укук жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык мыйзамдуу мүмкүнчүлүгүн колдонот,-деп жазды Bloomberg.

Өткөн жумада Кыргызстанда «Кумтөр» алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды. Андан көп өтпөй эле Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр голд» компаниясын Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн айыптап, 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

11-майда «Кумтөр Голд» компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишкенин компаниянын кесиптик кошуун төрагасы Калысбек Рыспаев тастыктаган. Ал муну «Кумтөрдүн» айланасындагы акыркы абалга байланыштуу болушу мүмкүн экенин айткан.

Алмамбет Шыкмаматов: Мамлекет «Кумтөр» боюнча чечкиндүү кадамдарга барып жатат

Copyright © 2017 Maral FM