Биз менен байланышыңыз

Статком: Быйыл төрт айда өндүрүш 12% кыскарды

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 360 | 0

Быйыл апрелде «Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда өндүрүштүн көлөмү бир аз өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинде өткөн 2021-жылдын январь-апрелинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча басма сөз жыйынында айтылды.

Үстүбүздөгү жылдын  январь-апрелинде ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала баалоо боюнча, 166,1 миллиард сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  3,8 пайызга азайды.

«Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 148 миллиарддан ашык сомду түздү жана 1,1 пайызга көбөйдү.

2021-жылдын 4 айында өнөр жай продукциясынын көлөмү 100 миллиард сомго жакындап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 пайызга азайды. Анын ичинде химиялык продуктуларды өндүрүү 33 пайызга, негизги металлдардын жана машина жана жабдуулардан башка, даяр металл буюмдар 31,5 пайызга, фармацевтикалык продукция 30,5 пайызга, пайдалуу кен казуу өндүрүшү 9,8 пайызга кыскарган.

Курулуш тармагы 17  пайызга төмөндөдү. Айыл чарбасынын көлөмү, 1 пайызга, дүң жана чекене сооданын көлөмү 2,8 пайызга өскөнү байкалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM