Биз менен байланышыңыз

Экологияга 100 млн сомдон ашык зыян келтирген тоо-кен компаниясы аныкталды

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 756 | 0

Тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга 100 млн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын төлөбөгөнүнө карабастан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы тоо-кен тармагындагы «Ч.З» жабык акционердик коомуна өндүрүш үчүн жерди убактылуу пайдаланууга күбөлүк жана 726 гектар жер тилкесин берип жиберген.

Аны менен катар, «Кадастр» мекемесинин жогорудагы филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 млн 624 миң 620 сом деп эсептелинген.

Бирок Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын өлчөмү 133 млн 739 миң 682 сом экени такталган.

Буга байланыштуу облустук прокуратура тарабынан «Ч.З.» ЖАКына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалына карата сотко доо арыз киргизилген.

Чаткал райондук соту доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, жогорудагы тараптардан 103 307 003 сом өндүрүү жөнүндө чечим чыкты.

Жер кодексине ылайык, айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурунун наркы Өкмөт белгилеген тартипте, укук ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM