Биз менен байланышыңыз

«Мэрия Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курууну пландоодо»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 мая 2021 | 377 | 0

Бишкекте келечекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды курууга артыкчылыктуу көңүл бөлүнөт. Бул туурасында Свердлов районунун акими Мурат Осмонов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мэрия бүгүнкү күндө баш калаадагы жол тыгындарын азайтуу үчүн унаа токтотуучу жайларды курууга кызыкдар болуп жатат. Район акимдерине бул багытта инвесторлор менен иштешүү тапшырмасы берилди.

“Азыркы убакта унаа токтотуучу жай куруу идеясы менен муниципалдык жер сурап келген ишкерлер бар. Алар өз каражаттарына көп кабаттуу имарат салып, анын биринчи кабатын өз бизнеси үчүн пайдаланып, калган кабаттарын унаа токтотуучу жай катары берүүгө макул. Архитекторлор «9-кабатка чейин унаа токтотуучу жай салса болот» дешти. Биз бул маселени кылдат карап чыгышыбыз керек. Жер кенен. Инвестор өзү дагы киреше тапкандай шарт түзүп беришибиз керек”, -дейт аким.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM