10-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызмат ордуна Азамат Карагуловдун талапкерлигин жактырды.
Азамат Карагулов Тышкы иштер министрлигинде Жакынкы Чыгыш төртүнчү дипломатиялык департаменттин жетекчиси кызматын аркалайт.
Кыргызстандын Кувейт, Бахрейн жана Иорданиядагы элчиси болуп, 2018-жылдан бери Самаргүл Адамкулова иштеп келген.