Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Сууга чөккөн 6 жашар баланын сөөгү табылды

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 690 | 0

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына түшүп кеткен 2015-жылы туулган Ж.А. аттуу жаш баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 8-май саат 16:45те маркумдун жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

Маалыматка ылайык алар бир тууган байкеси экөө отун алуу үчүн барышкан.

Саат 11:20лар чамасында жерине Чаткал райондук Өрт куткаруу бөлүгүнүн башчысы капитан Н.Төрөбаевдин жетекчилигинде 12 кутаруучу Ички иштер кызматкерлеринен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам жалпы 42 адам тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM