Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.
Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Артём Новиков Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Башмыйзамга кол койду. Ошондой эле Министрлер кабинетинин жаңы түзүмүн кабыл алды.
Жапаров Министрлер кабинетин бекитти. Аткаруу бийлиги кандай болуп өзгөрдү?