Биз менен байланышыңыз

5-май: Кыргызстанда 36 миң 364 киши коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 577 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада 3598 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 36 миң 364 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү. Алардын ичинен вакцинанын экинчи дозасын 2528 адам алды.

Аймактар боюнча эмделген жарандардын саны:

— Ош облусунда — 5229 адам;

— Бишкек шаарында — 9162 адам;

— Жалал-Абад облусунда — 6471 адам;

— Чүй облусунда — 4474 адам;

— Ош шаарында — 3008 адам;

— Ысык-Көл облусунда — 3167 адам;

— Баткен облусунда — 1620 адам;

— Талас облусунда — 1767 адам;

— Нарын облусунда — 1466 адам.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. «Спутник V» вакцинасын алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Орусиялык «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM