Биз менен байланышыңыз

Баткенде жабыркагандарга «Тойбосс» 1 млн сом которду

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 604 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн «Тойбосс» соода маркасы Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсеп бөлүмүнө миллион сом которду.

Ошондой эле компания тарабынан эвакуацияланган жарандарга азык-түлүк түрүндө да жардам берилди.

«Четте калбай мекендештерибизди колдоо биз үчүн чоң милдет», — дейт «Тойбосстун» өкүлдөрү.

Баткендеги чек ара окуясында жабыр тарткан тургундар үчүн жардам берүүдө эл менен бир катар ишканалар активдүү аракет кылууда. Буга чет жакта жашаган мекендештерибиз да кайдыгер караган жок. Алсак, Бишкек убактысы боюнча 5 -майга карата АКШдагы кыргыз диаспорасы 160 миң 700 доллар топтоду.

Ошондой эле көпчүлүккө үлгү болуп чек арадагы окуядан жабыр тарткандар үчүн өлкөнүн башка аймактарынан кичинекей жаш балдар чогулткан акчасын жиберишүүдө.

4-майдагы маалымат боюнча облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 млн 684 миң 805 сом 92 тыйын которулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM