Биз менен байланышыңыз

Президент: Мамлекеттик ишканалар жеке менчикке өткөрүлөт

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 851 | 0

Мамлекеттик ишканаларда кайра реструктуризация жүргүзүлүп, жеке менчикке өткөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасап жаткан учурда айтты.

«Мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей турганын экономикалык реалдуулук ырастады.

Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда кайра реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык обьекттерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек.

Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктагандан кийин жоюлушу кажет.

Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү министрликтерге жана ведомстволорго, жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек.

Бул жумушту аткаруу үчүн 1 жыл жетиштүү деп ойлойм», — деди Жапаров.

Жапаров жогорудагы реформалар экономиканын приоритетүү секторлорун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Жапаров элге кайрылуусун 1 мүнөттүк аза күтүү менен баштады

Copyright © 2017 Maral FM