Биз менен байланышыңыз

Иран менен Ооганстан кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу билдирүү жасады

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 15699 | 0

Иран кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Иран тараптардын тынчтык жолу менен сүйлөшүүсүн колдойт.

«Иран жакында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аралык кагылышууларды жана алардын натыйжасында эки тараптын курман болгон жана жабыркаган жарандарын тынчсыздануу менен байкоодо».

Иран ТИМинин өкүлү Ирандын эки мамлекеттин лидерлери чек аралык жаңжалды токтотуу боюнча биргеликте көргөн чараларын жогору баалаганын белгилеп, Ирандын тараптардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн илгерилетүү үчүн жардам берүүгө жана өзүнүн укуктук жана техникалык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Ал эми Ооганстан кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун уланышын кабыл албай турганын билдирди.

Ооганстан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматта төмөнкүдөй айтылат:

«Ооганстан өкмөтү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн жана элдеринин ортосундагы куралдуу кагылышуунун уланышын кабыл албайт жана аймактагы тынчтык менен туруктуулукту колдойт. Ооганстандын өкмөтү бул кагылышуулардын натыйжасында курман болгондорго байланыштуу дос жана бир тууган Тажикстан менен Кыргызстанга терең кайгыруусун билдирип, пайда болгон көйгөйдүн саясий жана тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилишине ишенет».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM