Биз менен байланышыңыз

Вакцина алуу үчүн онлайн жазылса болот

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 467 | 0

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү каалагандар онлайн жазылса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Учурда вакцинаны Бишкек шаарындагы №35, №33 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан, Темир жол ооруканасынан, №1, №4, №7, №2, №3, №5, №19, №6, №13, №14, №8, №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан, Курулушчулар жана студенттер бейтапканасынан алууга болот.

Вакцина алууга электрондук түрдө жазылууну каалагандарга төмөнкүлөр керек:

  • vc.emed.gov.kg шилтемесине киресиз;
  • Электрондук кезекти («Электронная очередь») тандайсыз;
  • Ал жердеги торчону толтуруп, сунушталган вакцинаны тандайсыз;
  • Эмдөөгө бара турган күндү жана саатын жазасыз;
  • Соңунда телефонго электрондук кезектин талонун көчүрүп алыңыз (талонду сурап калса керек болот).

Электрондук кезекке жазылуу эмдөө жайларындагы элдин көп болушун азайтып, кишиге убактысын кетирбей айтылган саатта барып вакцинаны алып кетип калууга мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, ашыкча кишилер менен жолугуп, кооптуулукка кабылуудан сактайт.

Министрлик жакында вакцина алуу кезегине мобилдик тиркеме аркылуу жазылуу мүмкүнчүлүгү жараларын билдирди.

Бул жайларда вакцина алуу бекер жана жарандардын өз ыктыяры менен жүргүзүлөт.

Учурда Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үчүн Кытайдын «Sinopharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары колдонулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM