Биз менен байланышыңыз

Баткенде 900 тоннадай гумжардам чогултулду

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 440 | 0

Баткенде жабыркаган элге колдоо көрсөтүү максатында 900 тоннадай гуманитардык жардам чогултулду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, учурда чогулган жардамдын болжолдуу салмагы 572 тонна 931 килограмм.

«Анын 515 тонна 81 килограммы жер-жерлерге жеткирилип жатат. Кампада 116,65 тонна сактоодо турат. Ошондой эле жарандар тарабынан жабыркаган аймактарга түз жеткирилген гумжардамдын болжолдуу салмагы 359 тоннага жетти. ӨКМ тарабынан жеткирүү иштерине 120 өздүк курам жана 17 бирдик техника тартылган. Кечээ, 3-майда Ысык-Көлдөн 7 фура чыгып кеткен. Учурда фуралар Таш-Көмүр шаарынан өтүп бара жатат. Ал да биздин көзөмөлдө», — дейт ал.

Гуманитардык жардам катары негизинен азык-түлүк, кийим-кече, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар чогултулган.

Гуманитардык жардам көрсөткөндөрдүн катарын КР Өкмөтү, Жогорку Кеңеш, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Араб эмираттары, «Кызыл Ай» коому, ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район-шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар, кайдыгер карабаган катардагы жарандар ж б түзүүдө.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 млн 684 миң 805,92 сом каражат которулган.

Белгилей кетсек, облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү үчүн атайын облустук коммисия түзүлгөн.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Баткен аймагында жалпы 129 турак үй жана 84 объект: 1 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара заставасы, 1 медборбор, 1 стамотологиялык пункт, 2 дарыкана, 1 китепкана, 1 өрт-куткаруу бөлүмү, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги изилдеп аныктады.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Баткен районунун Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу министрлик чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM