Connect with us

Орто-Боз: Турак-жайы өрттөлгөндөр үчүн конструкциялык үйлөр курулду

Кыска кабар | 4 Май 2021 | 1559 | 0

Кызыл жарым ай коому Баткен облусунун Орто-Боз айылынын үй-жайы жарактан чыккан жарандарына убактылуу үй тургузуп беришти.

Орто-Боз айылындагы 26 үй-бүлө үйлөрү кайра салынгыча, конструкциялык үйлөрдө жашап турмакчы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объект жана 5 башка мамлекеттик имарат өрттөнгөн жана талкаланган.

Бүгүн, 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM