Эртең, 3-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан, тоолуу райондорго кар түшөт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан жаайт, башка облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;
Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;
Ошс, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27;
Нарында түнкүсүн 7…+12, күндүз +23…+28.
Бишкек шаарында түнкүсүн бираз жаан жаашы мүмкүң, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +29…+31.