Биз менен байланышыңыз

Баткен облусу боюнча 78 турак үй, эки мектеп күйүп кетти (видео)

Кыска кабар | 2 мая 2021 | 1331 | 0

Баткен облусу боюнча жалпы 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, 3 чек ара тозоту, 10 май куючу жай, 8 дүкөн жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кабарлады.

Бул 1-май кечки саат 20.30га карата алынган маалымат.

Анын ичинде:

Баткен району боюнча:

Ак-Сай айыл аймагында 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча, бир ФАП, бир ИИМдин аскерлеринин имараты, “Миң-Булак”, “Достук” чек ара тозоту күйүп кеткен.

Лейлек району боюнча:

Кулунду айыл аймагындагы Максат айылында 11 турак үй, бир чек ара тозоту, Сады айылында 3 турак үй, Раззаков айылында эки турак үй жабыркаган.

Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка айылында 9 турак үй, 10 май куюучу жай жана 8 дүкөн жабыркаган.

Достук айылында 12 турак үй, Борбордук айылында 11 турак үй жабыркаган. Ошондо жалпы Лейлек району боюнча 48 үй, 1 чек ара тозоту, 10 АЗС, 8 дүкөн күйүп кетти.

Copyright © 2017 Maral FM