Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Тажик тарап менен сүйлөшүп, протокол кабыл алдык (видео)

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 866 | 0

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү болду.

Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулашкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын делегациясы менен болгон жолугушууда эки элдин кызыкчылыгын көздөгөн төрт пунктан турган протокол кабыл алынгандыгын билдирди.

Ошондой эле ал жолугушууда ок атууларды толугу менен токтотуу жана чек арага жакын аймактардагы армияны алып кетүү боюнча макулдашылганын айтты.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов кыргыз тажик чек арасында болгон окуя кайра кайталанбашы керектигин айтып, эки эл бир-бири менен достукта жашаш керектигин белгилеген.

«Биз саясатчылар эки элди достукта жана тынчтыкта жашоосу үчүн бардык маселелерди чечишибиз керек. Бүгүнкү жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында тынчтыкты жана туруктуулуктуу орнотуу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишилди. Мен эң кыска убакта биздин эки дос элдердин достукта, бирин-бирин түшүнүү менен толук турктуулук орнотулушуна ишенем» , — деп айткан  Ятимов.

 

Copyright © 2017 Maral FM