Биз менен байланышыңыз

Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы менен жолугуп чыкты

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 627 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуу эки өлкөнүн чектеш аймагында өткөн.

Ташиев жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде бардык суроолор чечилип жатканын айткан.

«Тажикстандын УКМК башчысы жана бир нече кызматкер менен жолуктук. Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Буйруса баары жакшы болот, чечебиз. Абалды тынчтандыруу боюнча бардык аракеттер көрүлөт», — деди ал.

Кечке чейин кырдаал жөнгө салынарын кошумчалады.

Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектейт.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орнотуп баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыккан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы ок атышуудан азыркы учурга карата 134 кыргызстандык жабыркап, 13 адам каза болду. 25 адам атайын учак менен Бишкек шаарындагы ооруканаларга которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM