Биз менен байланышыңыз

Чек ара чатагы: Лейлек элинин үнү жана күйүтү

Саясат | 30 Апр 2021 | 6916 | 1

28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланды. Лейлек районун борбор менен байланыштырган негизги жол — Ош-Бишкек жолунун Баткен районунун аймагынан өткөн 275 метр Орто-Боз участкасы (Төрт көчө) болуп саналат. Кыргызстанга тиешелүү жолго тажик тарап ээлик кылууга аракет кылып, буга чейин бир канча ирет чыр чыккан.

Кечээки окуяда да аталган жолду тажик тарап тосуп алып, Лейлек районуна байланыш бир канча саатка үзүлгөн. Ошол учурда Лейлектин төмөнкү аймагында жайгашкан Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдары аркылуу тажик жарандары жана аскерлери кол салган.

Интернационал айылы аркылуу Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарына кеткен жол да жабылып калгандыктан аталган айылдын тургундары тоо тарапка качууга мажбур болгон. Ал эми Кулунду, Раззаков, Интернационал, Ак-Арык айылдарынын тургундары райондун борбору Исфана шаарына жана Сүлүктү шаарына көчүрүлгөн.

Кечээ, 29-апрелде кечки саат 17:00 чамасында Тажикстандын аскерлери жана тургундары танка менен аткылап, Интернационал айылына кирип келгенин жана кантип качып чыгышканын айыл тургуну мындайча билдирди:

«Мен саат төрттөрдө бешимге даарат алайын деп бара жатсам, тажиктер малын шашып айдап бараткан экен. Анан мен: «Баткенде тополоң болуп жаткан эле, булар да бир нерсеге даярданып жатат окшойт», — деп, биздин аскерлерге чалып, карап билгилечи дедим. Алар: «Сиздер да эртерээк кыймылдап даярданыла», — деди. Үч кыз неберемди даярдап, документтерди алып чыкканча саат 17:00 болуп калган экен. Мен машинага отургандан кийин эле ок атып башташты. Кулунду айылына барып жайланышканча, биздин үйлөргө жардыруулар болуп, үч коңшунун үйү жарылып, күйүп кетти. Кечээ саат 21:00гө жакын биз жашаган «Жилой домго» толугу менен кирип, ээлеп алып, кыргыздарды киргизбей коюшту».

Интернационал айылынын тургундары Исфанага качкан учурда айылдын бир бөлүгү болгон «Жилой домдогу» өрттөлүп жаткан үйлөрдү өчүрүү үчүн төрт адам артка кайткан. Айылды өрттөп жүргөн тажик жарандары алардын экөөсүн атып ташташкан, калган экөө качып кетүүгө үлгүргөн. Алар курман болгон 2 жаранды жерге берүү керектигин айыл башчыга айтышкан. Сүйлөшүүгө барган айыл башчысын тажиктер туткундап, өздөрүнүн өлкөсүнө алып кирип кетишкенин айылдын тургуну Акжол айтып берди.

«Эки баланын өлүгү ошол жерде азыр деле жатат. Алып чыга албай жатабыз. Качып чыккандардын бирөөсүнүн башына, бирөөсүнүн колуна ок тийип азыр реанимацияда  жатат. Ошолорду алып чыкканы айыл башчыбыз кирип, ошол жакта калып кеткен. Ага карата бийлик да, күч түзүмдөрү да эч кандай чара көрбөй жатышат. «Кантип алып чыгабыз? » десем, баары эле билбейбиз дейт.  Ошол эле учурда телефону өчүп, дайынсыз болуп жаткандар бар. Азыр бир көчө бери жакта танка турат, бир көчө ары жакта тажиктер жатат. Ошол эки өлүктү алып чыга албай жатабыз».

Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы да тастыктап, аталган факт Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдады.

Бүгүн, 30-апрелде саат 11:00гө карата берилген маалыматта Лейлек районунун Борбордук айылында Тажикстандын аскердик техникалары айылды аралап жүргөнү айтылган.

Ошондой эле Арка, Максат айылдарына кирүүгө мүмкүн болбой жатканын айылдын тургундары белгилешүүдө. Арка айылындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосун бөлүп турган трассанын үстүндөгү Кыргызстан жакта жайгашкан бардык май куюучу жайларды өрттөшкөн.

Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундарын милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар коопсуз жайларга көчүргөн. Ошол эле учурда жарандар өздөрүнүн унаалары менен тоолорду көздөй качкан. Арка айылынан Маргун айылына көчүп барган тургун абалы боюнча буларды айтты:

«Биз жакшы элебиз баарыбыз. Байланыш жакшы болбой, жазганыңар эми келип жатат. Негизи «алдагы отурган ордуңардан да тоону көздөй жылышыңар мүмкүн» деп жатышат. Бирок, эч кандай белги келе элек. Кээ бирлери дагы алыс Дарханда тууганы бар жактарга жөнөп жатышат экен. Биздин ал жакта таанышыбыз деле жок, тынч элебиз. Отуруп эле турабыз, балдар менен. курсактарыбыз ачып, мынча бала менен. Азыр Каныкей тамак жасап жатат. Пияз менен оромо жасайлы деп жатабыз. Орозолор да бар экен. 60-70 сомум бар эле, азыр 3 памперс алдырып алдым». 

Маргун айыл өкмөтүнүн башчысы Медербек Баетовдун айтымында, 10 миңден ашуун жаран баш калкалаганы барышкан. Аларга учурда негизинен азык-түлүк жана күйүүчү май керек болуп жатканын, жардамдар түштөн кийин гана келе баштаганын билдирди.

Ошондой эле Маргун айылынын жашоочулары жана ал жакка көчүп барган Арка, Жаштык айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Анда президенттин Баткенге баруусун, Тажикстан менен болгон жаңжалды токтотуп, кыргыз айылдарын тажик аскерлеринен тазалоону талап кылышты.

Жаштык айылынан Маргун айылына барган айылдык кеңештин депутаты эл өзүн-өзү эвакуация кылганын, ушул убакытка чейин жогорку бийлик өкүлдөрүнөн эч ким кабар албаганын айтып, Лейлектеги абалдын чындыгын жеринен көрүп кетүүгө чакырды.

«Жаңы-Жер айылындагы бүт дүкөндөрдү, тойкана, чайканалардын баарын тоноп, өрттөп кетишти. Азыр Кыргызстандын жерине тажик жарандары бейкапар кирип, үйлөрдү тоноп жатышат. Келип бизди көрүп кетиңиз, мындай абалды билиңиз. Карапайым эл сизди күтөт. Келип чек ара маселесин чечип бериңиз».

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургуну Эргешбай Мамуров бүгүнкү кыргыз-тажик чек арасындагы абал бир күндө эле түзүлбөгөнүн,  Тажикстандын күч органдары 5-6 айдан бери чалгындап жүргөнүн айтат.

«Бүгүнкү кыргыз-тажик чек арасындагы абал бир күндө эле түзүлбөгөн. Тажикстандын күч органдары 5-6 айдан бери чалгындап, биздин болгон мүмкүнчүлүктү эсептеген, жадагалса канча автоматыбыз бар экенине чейин эсептеген. Эмне үчүн алар ошончо аракет кылганда, биздин бийлик карап турду? Бир да кошумча автоматы жок аскердик бөлүкчө деген эмне? Мындайда кайдыгер карабоо керек. Бир нерсе десе эле «баатыр эл» дейт. Баатыр элди биздин бийлик мүңкүрөтүп бүтө турган болду. Качанга чейин тебелендиде болобуз? Кыргызстандын бийлиги «шалтаң бийликсиңер» деп Абылгазиевге айткам. Кетирген каталардан да сабак албай турган эл болдук го!». 

Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам канча имарат өрттөнгөнү тууралуу билдирүү таратты. Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында — эки турак үй, ал эми Максат айылында — 10 турак үй өрттөнүп, жалпы 12 үй, социалдык объектилерден бир мектеп өрттөнгөн.

Ушул саатка чейин барымтага алынган Интернационал айылынын башчысын алып чыгууга жана айылдарга кирүүгө мүмкүн болбой жатканы айтылууда.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын саат 17:30га берген маалыматы боюнча учурда Лейлек районунда чыңалуу бар, бирок ок атуу убактылуу токтоп турат.

Copyright © 2017 Maral FM