Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 46га жетти

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 1238 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кечки саат 22.30га карата кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 46га жеткенин кабарлады.

Анын бир көз жумган, бирине амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Калганы түрдүү жаракаттар менен ооруканада.

28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM