Биз менен байланышыңыз

Мексикада эки миң мигрант дайынсыз жоголду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 749 | 0

Сальвадор, Гондурас, Никарагуа жана Гватемаладан келип, Мексикада иштеп жаткан эки миң мигрант дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Коомдук укук коргоо уюмунун федерациясына дайынсыз жоголгондордун жакындары кабарлаган.

Сальвадор, Гондурас, Никарагуа жана Гватемаланын жашоочулары зомбулуктун, жумушсуздуктун жана жакырчылыктын айынан өлкөдөн чыгып кетишкен. Алар жакшы жашоо издеп АКШга барууга аракет кылышкан. Жоголгон адамдардын жакындары аларга карата зомбулук көрсөтүлдү дешет.

Коомдук укук коргоо уюмунун федерациясы мигранттарды коргоо үчүн эл аралык жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Ошондой эле уюм Мексиканын түндүк жана түштүк чек араларына мигранттардын аракеттерине каршы туруу үчүн 8 миңден ашуун коопсуздук күчтөрүн жайгаштыруу коркунуч жаратышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM