Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Кадастр» ишканасынын Сузактагы башчысы кармалды

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 437 | 0

Өкмөткө караштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жетекчиси Зарылбек Садыков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылдын май айында Сузак районунун тургундарына жасалма буйруктардын негизинде турак жай куруу үчүн жер тилкелери трансформациясыз бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын башчысы Зарылбек Садыков Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM