Биз менен байланышыңыз

Ишкерди 2 млн сомго алдоого шектелип, кримчөйрөнүн мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 485 | 0

Алдамчылыкка шектелип Нарын облусунун аймагынан 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ички иштер органдарына ишкер арыз менен кайрылып, 2019-жылдын март айында олуттуу материалдык чыгым келтирген жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Шектүү тыбытты өндүрүү шылтоосу менен ишкерден 2 млн сом акча алган соң, өзүнүн милдеттерин аткарбай койгон.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын №3 башкармалыгынын кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Ал Бишкектин Биринчи май РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Шектүү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана аны өзүнүн пайдасына коротууга да айыпталгандыктан, кылмыш иши Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнө (Ыйгарылып берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) өзгөртүлдү. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM