Президент Садыр Жапаров «Пирамида» телеканалына берген маегинде шайлоочуларынан аны аягына чейин колдоп турууну суранды.
Ал эч кимди жер каратпай турганын жана өзү экономикасы эңшерилген өлкөгө президент болгонун белгиледи.
«Мени колдогондор аягына чейин колдогула. Ишенсеңер аягына чейин ишенгиле. Мен эч ким жер каратпайм. Мен сөзүмө турам, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол бербейм. Коррупционерлер менен күрөшүп, оюу бузук оппозиционерлерге каршы туруп, реформа жүргүзүү үчүн артымда элим турат деген ишеним керек», — дейт Жапаров.
Садыр Жапаров кумарканалардын бардык аймактарда ачылуусун колдойт