Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кумарканалардын бардык аймактарда ачылуусун колдойт

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 714 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында кумаркана ачууну колдойт. Бул тууралуу ал «Пирамида» телеканалына берген маегинде билдирди.

«Азыр «Ысык-Көлдө, анан Баткенде эле болсун», — деп эки жерди көрсөткөн экен. Мен аппаратка айтып атам, депутаттарга сунуш киргизип, кошумча кылгыла деп жатам бардык жакта ачууга. Бишкекте да, облустардын борборунда да. Кептин ачыгын айтыш керек. Бизде казино 2015-жылга чейин эле иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойногонго акысы бар болчу. Жаш балдар барып, автомат ойноп, күнү-түнү дебей, акчасын уттуруп, ушундай мезгилдер болгон. Бирок ошону шылтоо кылып, ошол жылы айрым депутаттар, саясатчылар биригип алып, казинолорду шантаж кылышкан. «Бизге баланча миллион доллар алып келип бергиле отметка кылгыла, болбосо жаап салабыз», — дешкен. Бирок кумаркана ээлери: «Биз өкмөткө салык төгүп жатпайбызбы, бербейбиз», — дегенде бир абзац мыйзам менен жаап салышкан. Мен азыр: «Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт дегенди мыйзамга киргизгиле», — деп жатам. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат», — дейт Жапаров.

Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына чет элдиктер үчүн кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Copyright © 2017 Maral FM