Биз менен байланышыңыз

Баткенде жоголгон эки жаран Тажикстандан табылды

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 709 | 0

Лейлек районунун Бешкент айылында изделип жаткан эки жаран Тажикстандан табылып, Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу «Маралга» Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова кабарлады.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки жигит менен кошо коңшу өлкөдө кармалып турган дагы алты кыргызстандык бошотулган.

Эки жигиттин жана кармалып турган алты жарандын эмне себептен кармалганы белгисиз, учурда иликтенип жатат.

24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймактагы Эски Оочу айылынын эки тургуну үй салып жаткан жерде түнөшкөн эки жаран дайынсыз жоголгон. Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялап, бийликтен жардам сураган.

Баткенде чек арага чектеш аймакта жоголгон эки жаран изделүүдө

Copyright © 2017 Maral FM