Биз менен байланышыңыз

Украинада карантин мөөнөтү дагы 2 айга узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 706 | 0

Украина бийлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимин дагы 2 айга узартты. Бул тууралуу брифинг учурунда Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль маалымдады.

Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу эмес. Коронавирус илдети аныкталгандардын саны күндөн-күнгө өсүп жаткандыгына байланыштуу карантиндик чараларды 30-июнга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Өкмөт башчы эпидкырдаалды курчутуп ийбөө үчүн жарандарды массалык чогулуудан алыс болууга, санитардык чараларды көзөмөлдөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM