Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы — Мария Айтматова 79 жашка караган курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары ырастады.
Айтматова Мария Урматовна — 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.
«Марал» радиосунун жалпы жамааты маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.