Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында 8,6 млрд куб метр суу бар

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 612 | 0

Бүгүн, 20-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 632 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтына жарыяланды.

Ушул учурда суунун агып келиши секундасына 351 куб метрди түзөт, агып чыккан суунун көлөмү 259 куб метрге жетүүдө.

16-апрелде Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8 млрд 596 млн куб метр болчу.

Былтыркы жылдын ушул мезгилинде Токтогул суу сактагычында 11 млрд 555 млн куб метр суу бар болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM