Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Кыргызстан туризм тармагына армян компанияларын тартууга кызыкдар

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 855 | 0

Кыргызстан туризм тармагына армян компанияларын тартууга кызыкдар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын отурумдарынын алкагында Армения Улуттук Жыйынынын төрагасы Арарат Мирзоян менен жолугушууда айтты.

Санкт-Петербург шаарында өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы достук мамилени өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Талант Мамытов эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жигердүү өнүкпөй жатканын белгилеп, ЕАЭБдин алкагындагы өз ара соода байланыштын туруктуу өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөр жогору экенине токтолду.

Ошондой эле Кыргызстан туризм тармагына армян компанияларын тартууга кызыкдар экенин айтты.

«Биздин өлкөдөгү бардык экономикалык секторлордо инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок. Өкмөт тарабынан инвесторлор үчүн керектүү шарттар түзүлгөн», — деди Мамытов.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн парламенттеринин төрагалары өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген экономика, маданият өңдүү бир катар тармактарда алакаларды арттыруу зарылчылыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM