Биз менен байланышыңыз

Жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомдон беткап сатып ала алат

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1389 | 0

Борбор калаанын коомдук унааларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлдү, беткап кийүү жана колду тазалоо милдеттүү. Айдоочулар беткап кийишет, ал эми беткапсыз жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомго беткап сатып ала алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда санитардык текшерүүлөр күн сайын жүргүзүлүп турат, акыркы пункттарда транспорттук кабиналар системалуу түрдө желдетилип, нымдуу тазалоо иштери болуп турат.

COVID-19дан коргонуу өнөктүгүн жеке жүк ташуучу компаниялар да колдонууда. №195 жана №216 маршруттук таксилерди тейлеген «Ника Плюс» ЖЧКсынын директору Болот Эркинбаев кичи автобустун айдоочуларына беткап берип, жүргүнчүлөрдү да унуткан жок. Эми ар бир жүргүнчү айдоочулардан беткапты 2 сомдон сатып алса болот.

Copyright © 2017 Maral FM