Биз менен байланышыңыз

«Спутник V» вакцинасынын 1 млн дозасын алуу боюнча келишим түзүлдү

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 897 | 0

Коронавируска каршы Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 1 млн дозасын алуу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жакын аралыкта 30 миң доза вакцина келет.

«Биринчи күнү юристим менен орун басарым Орусияга барып келишим түзгөн. Өкмөт бизге 214 млн сом берди. Азырынча 1 же 2 млн доза алып, жарандарыбызды эмдеп алсак, анда калкыбыздын 70 пайызында иммунитет болот», — дейт ал.

Ошондой эле Бейшеналиев өлкө аймагында коронавируска кабылгандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM